Талибдер аялдарга жүзүн ачып көчөгө чыгууга расмий тыюу салды

Ооганстанды көзөмөлдөгөн "Талибан" кыймылы аялдарга жүзүн ачып көчөгө чыгууга расмий тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 35 беренеден турган мыйзамды талибдердин лидери Хибатулло Ахундзада жактыргандан кийин Ыйманды жайылтуу жана жосунсуз жоруктардын алдын алуу министрлиги 21-августта чыгарган.

Талибдер бул министрликти 2021-жылы бийликке келгенден кийин түзгөн.

Буга чейин аялдарга коомго жүзүн ачып чыгууга иш жүзүндө гана тыюу салынып келген.

Маалымат үчүн: "Талибан" Кыргызстандын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан