Ысык-Көл облусунун Тоң районуна аким болуп Бактыбек Осмонов дайындалды. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Тескемеге бүгүн, 26-августта президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык аким болуп дайындалгандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, Бактыбек Осмонов 1967-жылы 1-июнда Ош облусунун Алай районуна караштуу Будалык айылында туулган. Дене тарбия мугалими жана юриспруденция багытында жогорку билими бар. Буга чейин ал Ош облусунун Араван районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген.