Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп Жаныбек Керималиев дайындалды. Маалыматты аталган министрликтен бүгүн, 26-августта кабарлашты.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин сунушунун негизинде кол койгон.
Белгилей кетсек, Жаныбек Керималиев буга чейин Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору кызматын аркалап келген.