
31-августта өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого ички иштер органдарынын 15 миңден ашык кызматкери тартылат.
ИИМдин маалыматына ылайык, 26-28-август күндөрү республика аймагында “Укук тартип” аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы өткөрүлөт. Анын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы иш-чаралар да өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлмөкчү.
Министрлик Бишкек шаарында 31-августтагы майрамдык иш-чарага ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартыларын кошумчалады.