№13 Сузак бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы 9 талапкер (анын ичинде 2 аял) каттоодон өткөнүн маалымдады.
Талапкерлердин тизмеси:
Маалыматка ылайык, 15 талапкер шайлоого катышуу үчүн арыз беришкен. Алардын ичинен 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан жана бир талапкерди каттоодон баш тартылганы айтылат.
Белгилей кетсек, шайлоо 22-сентябрда өтөт.
№13 Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз каалоосу менен тапшырган. Ошол эле күнү Боршайком анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.