Садыр Жапаров талкууга алынган майрамдык концерт боюнча комментарий берди

31-августта өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада жылдыздары жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда гала-концерт өтөрү кабарланган. Ага Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, "Боссон" тобу жана италиялык ырчы, композитор IN-GRID катышары айтылган болчу.

Социалдык тармакта концертке келе турган чет өлкөлүк белгилүү ырчыларды каржылоо маселеси кызуу талкууга алынган.

Президент Садыр Жапаров талкууга алынган концерт тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде сөз кылды.

"Мага маданият министри ушундай маалымат бергенде мен чындап эле сүйүндүм. Мурда Кыргызстан ким экенин бул өлкө каякта экенин билбеген чет элдиктер көп болчу. Азыр эми силердин көз карандысыздыгыңарды куттуктап эли журтуңарга концерт тартуулап кетели дегендерди кубануу менен тосуп албайлыбы" деди өлкө башчысы.

Ошондой эле Жапаров чет өлкөлүк ырчыларга гонорар төлөнбөй турганын белгилеген.

"Гонорар албай эле келип кетебиз дешкен экен. Кудай жалгасын дедим. Албетте, жата турган жерин, тамак-ашын камсыз кылып беребиз. Биз меймандос калкпыз" дейт ал.

Мындан тышкары мамлекет башчысы келе жаткан жылы майрамда дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатканын сөз кылган.

"Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей коёт дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча-мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз" деген мамлекет башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан