31-августта өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада жылдыздары жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда гала-концерт өтөрү кабарланган. Ага Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, "Боссон" тобу жана италиялык ырчы, композитор IN-GRID катышары айтылган болчу.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов эгемендик күнү ырдай турган орусиялык ырчылар тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берди.
Министр орусиялык ырчылардын тобу Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендик күнүнө карата келип ырдап берүү тууралуу өздөрү демилге көтөргөнүн айтты.
"Азыр Фейсбук жана башка социалдык тармакта отуруп алып, "бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз" деп жаткандарга айтарым: "Бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, бас, кел, ушуну ук" деп айта албайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун. Көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Силерди мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коёлу дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо кайсы ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле? Мурда дүйнөлүк ырчыларды бул жакка коёлу, коңшу өлкөлөрдүн ырчылары көңүл бурчу эмес. Өзүбүздүн ырчылар да ырдашат. Убакыт баарына жетет. Эң сонун, жогорку деңгээлдеги программа даярдап жатабыз", - деди ал.
Ушул тапта социалдык тармакта концертке келе турган чет өлкөлүк белгилүү ырчыларды каржылоо маселеси кызуу талкууланып жатат. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ырчылар Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдык мааракесин куттуктап келгени жатышканын, аларга гонорар төлөнбөй турганын айткан.
Ал эми президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов "мамлекет тараптан болгону аларды аэропорттон тосуп алуу, тамак-аш менен камсыз кылуу, концерт бүткөндө кайра аэропортко жеткирүү кызматтары көрсөтүлөт" деген.