Белгилүү америкалык ырчы Мэрайя Кэри бир күндө апасы Патриция жана эжеси Элисондон ажырап калды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар ырчыга таянып жазып чыгышты.
"Жүрөгүм ооруп турат. Өткөн дем алыш күндөрү апамдан айрылдым. Тилекке каршы, каргашалуу кокустуктан эжем ошол эле күнү каза болду" деген ырчы.
Ошондой эле Кери апасы менен мамилеси жакшы болбой келгенине карабастан акыркы өткөргөн күндөрүнө бактылуу экенин белгилеген. Ырчы апасы менен эжесинин өлүмүнүн себептерин ачыктаган эмес.