"Сынак Түштүк Корея менен биргеликте уюштурулду". Кол өнөрчүлөр арасында өткөн ачык сынактын жыйынтыгы чыкты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастардын эл аралык маалыматтык-тармактык борбору менен бирдикте ЮНЕСКОнун колдоосу алдында кыргызсиандык кол өнөрчүлөрдүн арасында Кореяда окутуу программасына катышуу үчүн 23-июлдан 4-августка чейин ачык конкурс жарыяланган. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта аталган министрликтен билдиришти.

"Сынак салттуу маданиятты жайылтуу, кыргыз кол өнөрчү-өндүрүүчүлөрүн колдоо жана Түштүк Кореянын кол өнөрчүлөрү менен тажрыйба алмашуу аркылуу дареметти жогорулатуу максатында жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Катышуучуларды улуттук деңгээлде тандоо жана кореялык уюштуруучулар тарабынан акыркы тандоо жүргүзүлүп, төмөнкү кол өнөрчүлөр аныкталды:

1. Туратбек кызы Бегайым
2. Молдоташева Асель
3. Адышева Айсалкын
4. Аламанова Нагима
5. Рысбаев Дөөлөт
6. Нурак уулу Мундуз
7. Асанбекова Эркеайым
8. Залкарбек Аскарали уулу.

Белгилей кетсек, аталган ачык сынак “салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дареметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан