Орусиянын Татарстан аймагынын борборундагы Казань эл аралык аэропорту учкучсуз учактардын чабуулу коркунучунан улам каттамдарын токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Росавиация чектөөлөр Москва убактысы боюнча таңкы саат 7де “учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн” киргизилгенин жана келген каттамдар Самара аэропортуна жөнөтүлгөнүн билдирди.
Бул биринчи окуя эмес – Казань аэропорту апрель айында учкучсуз учактардын сокку уруу коркунучунан улам ишин токтоткон төрт аэропорттун бири болгон. Кийинчерээк аэропорт "коопсуздук үчүн" июнь айында убактылуу жабылган.
Орус-Украина чек арасынан 900 чакырымдан ашык чыгышта жайгашкан Казань буга чейин украиналык учкучсуз учактардын бутасы болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги Татарстандын үстүнөн атып түшүрүлгөн учкучсуз учак тууралуу маалымат берген эмес.