Казань аэропортунун иши дагы үзгүлтүккө учурады

Орусиянын Татарстан республикасынын борбор калаасы Казандагы аэропорт учактарды учурууну жана кабыл алууну убактылуу токтотту. Чектөөлөр коопсуздуктан улам киргизилгенин Росавиация маалымдады.

"Аба кемелеринин экипаждары, аба кыймылынын диспетчерлери жана аэропорттун кызматкерлери учуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Казань аэропорту 31-май жана 3-июнь күндөрү да коопсуздук максатында жабылган болчу. Буга абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөн украиналык учкучсуз учак себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан