Кош жылдыздар Аваз Акимов менен Айдана Декага Улуттук маданий борбордун Ардак грамотасы тапшырылды. Бул тууралуу аталган борбордун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ырчыларга сыйлыкты Улуттук маданий борбордун директору Илязбек Бегимкулов тапшырды.
Маданият өкүлдөрүнө Ардак грамота өлкөнүн маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилгени айтылат маалыматта.
Айдана Дека социалдык тармактагы баракчасына маданиятка кошкон салымы бааланып сыйлык алышканын, мындан ары дагы талыкпай кызмат кылууну уланта берерин жазган.
"Бул жыл биз үчүн жемиштүү башталды. Июнь айында жолдошум менен бирге борбор калаада жана жети облуска масштабдуу концерттерибизди бердик эле. Бүгүн буга чейин жасаган эмгегибиз бааланып, маданиятка кошкон салымыбыз үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун Ардак грамотасы менен сыйландык.
Маданиятыбыздын өнүгүшүнө ар дайым салым кошуп, элибизге татыктуу кызмат кыла берели! Бул дагы чек эмес", - деген билдирүү калтырган.