Мирзиёев Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон Акмал Хасановго ыраазычылыгын айтты (видео)

Бүгүн, 28-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Париж Олимпиадасында медаль уткан спортчулар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда өзбек президенти Олимпиада учурунда кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык Акмал Хасановду тургузуп алып, анын кылган аракетин жогору баалады.

"Өзгөчө бокс боюнча Акмал Хасановдун кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна жардам бергени эки өлкөнүн достук мамилесинин жаркын көрүнүшү болду. Сиздин жасаган эмгегиңиз коомчулуктун жүрөгүнөн түнөк тапты" деген президент Хасоновго ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, өзбек спортчулары Париж Олимпиадасында 8 алтын, 2 күмүш, 3 коло медалга ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан