Париждеги Олимпиада оюндарында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон коңшу өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен жолугушту. Бул тууралуу машыктыруучу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бүгүн Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен жолугушуу болду. Коңшуларыбыз тарабынан чоң көңүл бурулуп жатканын белгилегим келет. Аларга келечекте ийгилик каалап, Олимпиада оюндарында тарыхый күмүш медаль кийинки муунга жол ачат деп ишенем", - деп жазды ал.
22-августта өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасановго Чыңгыз Айтматов атындагы медаль ыйгарылган.
Буга чейин Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккан Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучунун видеосу тараган.
Бул видеодон кийин көпчүлүк кыргызстандыктар өзбекстандык машыктыруучуга ыраазычылык билдиришкен.