Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын Киров облусунун Котельнич шаарындагы Зенит мунай базасына кол салышты. УНИАН агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгындагы анонимдүү булактар билдирди.
Бул Украина аймагынан 1100 чакырым алыстыкта жайгашкан аталган аймакка жасалган биринчи чабуул.
"Мунай базасына кол салуу Украинада жасалган камикадзе дрондору тарабынан жасалган", - деп айтылат маалыматта.
Орус маалымат каражаттары беш учкучсуз учак чабуул койгонун, анын үчөө объекттин аймагына түшкөнүн кабарлады.
Киров облусунун губернатору Александр Соколов жабыркагандар жана өрт болбогонун, кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.
Буга чейин Ростов облусунун Каменск районундагы Атлас мунай базасына кол салуу болгон.