Евробиримдик Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги соңку аракеттерин кескин айыптады. Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррель Израилдин тышкы иштер министринин Иордан дарыясынын батыш жээгинен адамдарды өткөрүп берүү чакырыгын “толугу менен кабыл алынгыс” деп атады.
Ал Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин бейрасмий жыйынынын алдында Израилдин айрым министрлерине каршы мүмкүн болуучу санкцияларды кароо процедурасы башталганын жарыялады.
"Мен мүчө мамлекеттерден палестиналыктарды жек көрүү боюнча кабыл алынгыс билдирүүлөрдү тараткан жана эл аралык мыйзамдарга ачыктан-ачык каршы келген нерселерди сунуш кылган Израилдин айрым министрлерин биздин санкциялар тизмегибизге киргизүү туурабы деп сураш үчүн процедураны демилгеледим", - деди Боррель.
Боррель аймактагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, БУУ "Израиль өкмөтүнүн катуу кысымы астында" экенин, бул БУУнун уюмдарынын ишине тоскоол болуп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кечеңдеп жатканына жана жайкын тургундардын курмандыктарынын санынын көбөйүп баратканына кейиди.
28-августта Израиль армиясы Батыш Шерианын түндүгүндө акыркы жыйырма жылдагы эң ири аскердик операциясын баштап, 17 палестиналык набыт болгонун Палестинанын Wafa маалымат агенттиги билдирди. Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац палестиналык жарандарды “убактылуу эвакуациялоого” чакырды.
Израилдин Газа тилкесинде уланып жаткан чабуулунан көбү аялдар жана балдар болгон 40 500дөн ашуун палестиналык набыт болуп, 93 700дөн ашууну жарадар болгон. Эл аралык сот Израилди геноцид үчүн айыптап, өлкөнүн түштүгүндөгү Рафах шаарында аскердик операцияларды токтотууга буйрук берген.