Өлкөдө социалдык контракттын негизинде бизнес ачкандарга пайызсыз насыя берилет

Кыргызстандын аймагындагы "социалдык контракттын" катышуучуларына бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана колдоо үчүн пайызсыз насыялар берилет. Бул туурасында бүгүн, 29-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи бар социалдык контракттын катышуучусу пайызсыз насыя алуу үчүн программага катыша алат.

“Үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат. Аны алган соң 3 ай төлөбөй жеңилдик алат. Андан кийин 3 жылдын ичинде ай сайын бирдей үлүштөр менен төлөө жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Министрлик программага катышуу үчүн “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдоруна кайрылуу керектигин эскертет.

Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 8 миң 500 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түзүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан