Өлкө боюнча 8 миң 500 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түзүштү. Бул тууралуу бүгүг, 7-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Баткен облусу – 585 үй-бүлө,
- Жалал-Абад облусу – 1915 үй-бүлө,
- Ысык-Көл облусу – 826 үй-бүлө,
- Нарын облусу – 820 үй-бүлө,
- Талас облусу – 915 үй-бүлө,
- Чүй облусу – 821 үй-бүлө,
- Бишкек шаары – 101 үй-бүлө,
- Ош облусу – 2422 үй-бүлө,
- Ош шаары – 95 үй-бүлө,
"Социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кичи бизнести өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон ала алышат", - деп эскертти министрлик.