Бишкекке келген казак акындарын жылуу тосуп алышты (видео)

Бишкекке ХVII “Айтыш-2024” төкмө акындардын эл аралык айтышына катышуу үчүн казак акындары келишти. Меймандарды Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков «Ак жол» чек ара бекетинен тосуп алды.

"Манас" театрынан билдиришкендей, кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы 30-августта жана 31-августта борбор калаада өтөт. Иш-чаранын байге фонду 3 миллион сомду түзөт.

Аталган айтышка 10 кыргыз акыны жолдомо алган. Алар:

  • Асылбек Маратов
  • Кубат Тукешов
  • Акматбек Султан уулу
  • Турат Жумаев
  • Темирбек Матыбаев
  • Баян Акматов
  • Жибек Сапар кызы
  • Мамбеттокто Мамбеторозо уулу
  • Элмирбек Иманалиев
  • Изат Айдаркулова
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болот.
29.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан