Ысык-Көлдө селден жабыркаган тургундарга гумжардам жеткирилди

Бүгүн, 29-августта Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган тургундарына гуманитардык жардам жеткирилди.
Гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
ӨКМ селден жабыркаган эки райондун тургундарына 21,95 тонна биринчи сорттогу ун, 4,390 тонна кумшекер, 4390 литр өсүмдүк майы жана 8780 банка эт консервасы бөлүнүп берилгенин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан