Ысык-Көлдүн бир катар айылдарын сел каптады (сүрөт)  

Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү, Корумду, Темировка айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора” пансионатын сел каптаган. Учурда жеринде куткаруучулар иштеп жатат.

"Темировка айылында болжол менен 100дөн ашуун турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Жалпы 200 адам, 8 техника тартылды. Мындан сырткары Тоң районунун Ак-Сай айылында, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында да сел жүрдү", - деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин селден улам облус аймагында бир катар жолдор жабылганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан