Билим берүү жана илим министрлиги 2-сентябрда мектептерде 1-4-класстын окуучуларына биринчи сабак “Билим – бул күч” темасында өтүлө тургандыгын билдирди.
Сабактын максаты – Кыргыз өлкөсүнүн түптөлүшүнө жана билим берүүгө салым кошкон инсандар, билимдин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.
Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өткөрүлөт. Анда мамлекетти түптөгөн инсандар жөнүндө айтылып, Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата жарандык позицияны калыптандыруу максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, 1-сентябрь жекшембиге туура келгендиктен, быйыл окуу жылы 2-сентябрда башталып, окуу 26-майда аяктайт.