Окуу жылы башталарына дээрлик 2 апта калды. SUPER.KG порталы жаңы окуу жылына карата пландалган өзгөрүүлөр, коюлган талаптарды кыскача тизмектеп көрдү.
Окуу жылы 2-сентябрда башталат
1-сентябрь жекшембиге туура келгендиктен, быйыл окуу жылы 2-сентябрда башталат. Билим күнүнө байланышкан бардык салтанаттар да ушул күнү өтөт.
Бишкектин мектептериндеги өзгөрүүлөр
Бишкектин мектептеринде сабактар 7:30да башталат. Бул жаңы окуу жылындагы негизги өзгөрүүлөрдүн бири болуп калды.
Шаардык мэриянын маалыматына карганда, бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектеп 198 миң 129 балага билим берет. Анын 14үндө окуу 3 нөөмөт менен жүргүзүлөт, дагы 14 мектепте сабактар саат 07:30да башталат. Жаңы 2024-2025-окуу жылында дагы 30 мектепте окуу 7:30да башталмай болду. Ошентип иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42 пайызы эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлөт. Мындай чечим шаардагы жол тыгынды жоюу максатында кабыл алынган.
Мектеп формасы
Быйылкы жаңы окуу жылында окуучулар мектепке ак жана кара түстөгү классикалык форма киет. Билим берүү жана илим министри окуучулардын формасы мурдагыдай эле ар бир мектептин уставына карай чечилерин айткан.
Ага ылайык, эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат:
Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат:
Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.
Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот.
Окуучулар классты өздөрү тазалашат
Жаңы окуу жылынан тарта мектеп окуучулары өздөрү окуган класстарды жууп-тазалашат. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, бул балдарды тазалыкка жана жоопкерчиликке тарбиялайт.
"Бул окуучуларды эксплуатациялоо эмес. Мындай чечим окуучунун өзүнүн тазалыгына, өзү жашаган жерге жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, башкалардын эмгегин сыйлоого үйрөтүүгө багытталат. Балдар өздөрү отурган партасын, окуган классын, өзү барган даараткананы тазалыкта кармап, камкор мамиле жасоого милдеттүү", - деди министр.
12 жылдык билим берүүгө даярдыктар
Быйылкы жаңы окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө даярдык көрүлөт.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын билдиришинче, жаңы билим берүү стандарттары боюнча окуу китептерин даярдайбыз. Кийинки жылдан тарта 12 жылдык билим берүүгө өтүү башталат. Буга байланыштуу мектептердеги башталгыч, орто жана жогорку класстар бирден классты аттап өтүшөт. 12 жылдык билим тууралуу алгачкы аттестат 2028-2029-жылкы окуу жылы аяктаганда берилет. Мындан тышкары бүтүрүүчүлөргө кесиптик сертификат берилет.
Электрондук мектеп
Быйыл аралыктан билим ала тургудай электрондук мектеп түзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
"Инклюзивдик мектептерге өзгөчө көңүл бургубуз келет. Быйыл биринчи жолу электрондук мектеп түзүп жатабыз. Биз жалпы билим берүүчү мектептер жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргиздик", - дейт министр.
Китеп менен камсыз кылуу
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2023-жылдын ноябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин бюджеттен бөлүнгөн каражат (304 миллион) эки жүз пайызга аткарылганын айтты.
"Мектептерге окуу китептери жеткирилип жатат. Учурда кыргыз класстары үчүн орус тили жана алфавит боюнча окуу китептери басылып чыкты. Алар басылып чыккан соң сентябрга чейин мектептерге жеткирилет. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бүгүнкү күндө китеп менен камсыз кылуу штаттык режимде жүрүп жатат. Бирок дароо жүз пайыз окуу китептери менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Анткени буга чоң каражат керектелет. Келерки жылдын бюджетинде жаңы окуу китептерин басып чыгарууга 600 миллион сомдон ашык каражат каралды. Андыктан кийинки жылдан тарта өтө тез темп менен жаңы китептер менен камсыз кылуу иштери жүрө баштайт", - деди министр.
Мындан сырткары көзү азиз, көрүүсү начар балдар үчүн Брайл арибиндеги окуу китептер сатып алынып, Бишкек жана Ош шаарларындагы атайын мектеп-интернаттарга жеткирилди. Окуу китептер республикалык бюджеттин эсебинен алынган.
Мугалимдердин баарына ноутбук берилет
Быйыл өлкөдөгү бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат. Билим берүү жана илим министринин маалыматына ылайык, техника биринчи кезекте STEM-предметтери (физика, химия, биология, математика, информатика, англис тили) боюнча мугалимдерге берилет.
Гимназия макамы жоюлат
Кыргызстанда мектептердин гимназия макамы жоюлат. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева муну менен орто мектептердин шартын бирдей кылууну көздөй турганын айтты.
"Көп жерде статустук мектептер бар, бирок алардын көрсөткүчтөрү катардагы мектептерден өзгөчөлөнбөйт. Аккредитациянын мөөнөтү бүтө элек мектептердин гимназия макамы убактысы келгенге чейин сакталат. Андан кийин жаңы лицензиялар берилбейт. Анткени жаңы билим берүү мыйзамында “өзгөчө статустагы мектептер” деген түшүнүк жок", - деди Кендирбаева.
10 баллдык баалоо системасы
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында окуучулардын билимин баалоо системасы өзгөртүлөт.
Ага ылайык, 5 баллдык система 10 баллдык системага алмаштырылат. Бул балдардын билимин өзүнчө карап баалоого мүмкүнчүлүк берери айтылат.
1-2-класстарда баасыз система колдонулат, окуучуларды баалоо сандык эмес, сапаттык мүнөздө жүргүзүлөт.
3-класстан 12-класска чейин окуучуларга 1ден 10го чейинки баа коюлат. Башталгыч билим берүүнү, тагыраагы, 6-классты аяктагандан кийин тестирлөө жүргүзүлөт. Бул тесттик текшерүү окуучулардын окуу, жазуу, математика жана табигый илимдер боюнча базалык сабаттуулугун баалоого багытталган.
Негизги мектептеги (7-9-класстар) окутуунун сапаты мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация менен текшерилет.
12-класстын аягында жыйынтыктоочу баалоо – экзамендер жүргүзүлөт.
Мындан сырткары мектептерде окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн Кыргызтест системасынын негизинде комплекстүү стандартташтырылган тестирлөө жүргүзүлөт. Орус тилин жана англис тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн стандартташтырылган тест колдонулат.