Ооган өкмөтү ислам принциптерине туура келбегени үчүн өлкөдө аралаш мушташ өнөрүнө (ММА) тыюу салды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ахмадулла Васик TOLOnews телекомпаниясына берген маегинде билдирди.
"Бул спорт шарияттын көз карашынан алганда көйгөйлүү жана исламга каршы келген көптөгөн аспектилери бар деп табылды", - деген ал.
Ал кошумчалагандай, Ооганстанда ММАга жарым-жартылай тыюу салынды. Анткени бул спорт зордук-зомбулук деп эсептелип, ал жаракат алып, атүгүл өлүмгө алып келиши мүмкүн экени белгиленген.
Буга чейин талибдер аялдарга жүзүн ачып көчөгө чыгууга расмий түрдө тыюу салган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргызстандын аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.