"800 жумуш орун, кубаттуулугу миллиондон ашат". Кеминде клинкер чыгаруучу завод ишке берилди

Бүгүн, 30-августта Чуй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу жылына 1,2 миллион тоннага жеткен клинкер чыгаруучу ири ишкана "Терек-Таш" Чүй цемент заводунун базасында ачылды. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров жетектеген бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Өлкө башчысы "Терек-Таш” цемент заводу жана курулуш материалдарын өндүрүүчү ишканалар өз убагында турак жай менен камсыз кылууга бекем негиз болуп бере тургандыгын айтып, курулуш секторундагы мындай кескин жандануу инвестицияларды тартуу үчүн позитивдүү сигнал болорун кошумчаларды.

Клинкер жана Ысык-Атада курулган цемент заводуна жалпысынан 160 миллион доллар сарпталган. Анын 90 миллионун Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, Кытайлык банк жана "Демир" банкы насыя иретинде берген, ал эми 70 миллиону заводдун өздүк каражаты болуп эсептелет.

Заводунун директору Кубанычбек Турдубаев ишканага керектүү сырьёлордун 98 пайызы өлкөдөн чыкса, 2 пайызы Казакстандан импорттоло тургандыгын белгиледи. Ошондой эле келечек пландар жана жумуш орундар боюнча билдирди.

"Жалпы 800 жумуш орун менен камсыздап жатабыз. Бул цемент завод менен клинкер ишканасынын жалпы кызматкерлери. Тийиштүү адистерден тышкары негизги жумуш орун жергиликтүү тургундардан турат. Бул региондо заводдун ишке берилиши кардарлардын негизги бөлүгү Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда. Экинчиден, борбордогу ЖЭБден чыккан күл 174 гектар жерди ээлеп, 5 жарым миллион тоннага жеткен. Ал биздин заводго негизги сырьё болгондуктан, ташып келип, жылына 300 миң тоннаны иштетебиз. Мамлекетке да, бизге да жардам", - деп белгиледи ал.

Заводдун курулуш иштери 2023-жылы башталып, быйыл август айында жыйынтыкталган. 24 чакырым техникалык жол салынып, 200 атайын техникалык унаалар алынган. Ишкана жылына мамлекеттин казынасына 1 миллард сомго жакын салык төлөйт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-августта өлкө боюнча 60 социалдык объект, 40 өнөр жай ишканасы колдонууга берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан