"Бул күн апамдын майрамы". Легендарлуу куудул Күмөндөр Абылов 66 жашка толду

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Эл артисти, куудул Күмөндөр Абылов 66 жашка толду.

SUPER.KG порталы Күмөндөр Абыловду туулган күнү менен куттуктап байланыштык.

"Туулган күнүмдү алгачкылардан болуп апам куттуктады. Айылдан эртең менен чалып, калоо-тилегин айтты. Негизи бул күн апамдын майрамы. Кыздарым да чалып куттукташты. Өздүк майрамымда тоого чыгып, үй-бүлөм менен белгилегени жатам.

Жакында үй-бүлөлүк кино тартылганы турат, ошол тасмада роль жаратам. Учурда ойной турган ролума даярдануудамын", - дейт ал.

Күмөндөр Абылов 1958-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Учкун айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырган.

1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр-институтунда "Театр жана кино актёру" бөлүмүндө сырттан окуган. 1993-жылы 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамын ыйгарышкан. 2000-жылдан тартып Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр болуп эмгектене баштаган.

Маданият тармагындагы жемиштүү жетишкендиктери үчүн 1981-жылы "Жылдын мыкты актёру", 1984-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, Ошондой эле Кыргыз Эл артисти наамы менен сыйланган.

Күмөндөр Абылов чыгармачылыкта бир гана куудул эмес, актёр катары дагы бир катар спектакль, кинолордо роль жараткан.

Жубайы Жамила менен 2 уул, 2 кызды тарбиялап, эрезеге жеткиришкен.

30-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан