Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин маркум инисинин уулу Кайрат Сатыбалдынын мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалды 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, өкүмдү 29-августта Алматы соту чыгарган. Ага ылайык, Гүлмира Сатыбалды опузалоо, өз билемдик менен башкаруу, кимдир бирөөнү күчтөп камоо боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот аны 12 жылга абакка кесип, жабырлануучуларга 2,9 миллиард теңге төлөп берүүнү милдеттендирди.
Ошондой эле бул иш боюнча Гүлмира Сатыбалдынын айдоочусу Мади Батыршаев 9 жылга эркинен ажыратылды.
Эске салсак, 2023-жылы Астанада Гүлмира Сатыбалды адам уурдоо жана ээнбаштык беренелери менен айыпталып, 7 жылга эркинен ажыратылган. Андан соң Кызылордо шаардык соту аны кимдир бирөөнүн мүлкүн тартып алууга айыптап сегиз жылга түрмөгө кескен.