Бүгүн, 31-август өлкөбүз көз карандысыздыгын түзүп, эгемендүүлүк алганына 33 жыл болду.
Тарыхка кайрылсак, Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү жарыялаган.
Бул жылдар аралыгында жергебизде кыйын кырдаалдар, кандуу окуялар дагы болду. Ошого карабастан элибиз өнүгүүгө жолунда келүүдө.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кыргыз жергесинде жашаган ар бир жаранды майрамы менен куттуктайт!
Эгемендүүлүк күнү ар бириңиздердин үйүңүздөргө береке, өлкөбүзгө өнүгүү алып келсин. Кыргыз жергесинде бакубат жашоо, бардар турмуш орун алсын. Үй-бүлөңүздөрдө жакшылык ыроолоп, ырыскыңар мол болушун каалайбыз. Желегибиз желбиреп, мекенибиз дайыма өнүгүү жолунда болсун. Асман тиреген Ала-Тоодон тынчтык, дөөлөт кетпесин.