Бүгүн, 31-августта калаада өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
Буга байланыштуу милициянын кайгуул кызматы жарандарды коомдук транспорт каражаттарын колдонууга чакырат.
Мекемеден билдиргендей, учурда жол боюнда унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып токтотулган унаалар алынууда. Бул жолдо унаа тыгынын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканы айтылды.