
Бүгүн, 31-августта "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада ырчыларынын жана чет элдик жылдыздардын катышуусунда гала-концерт өтөт. Бул туурасунда Маданият министрлиги билдирди.
Ага ылайык, концерт саат 20:00дө "дрондордун шоусу” менен башталат.
Анда Кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева жана Омар, казакстандык Роза Рымбаева, россиялык Стас Михайлов, Люся Чеботина жана Филипп Киркоров, швециялык Боссон тобу, италиялык In-Grid өзүнүн балет тобу менен кыргызстандыктарга майрамдык маанай тартуулашат. Ал эми концерттин соңунда Орусияда жылдызы жанган кыргызстандык Амирчик ырдайт.