
8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ордо оюну боюнча мелдештер өтөт. Ага Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышат.
Дене тарбия жана спорт департаменти курама команданын тизмесин жарыялады;
- Жумамидин Азизов;
- Дастан Жээнбеков;
- Бакытбек Кобошов;
- Акай Майрамбек уулу;
- Нурсултан Майрамбек уулу;
- Миңжашар Осмонбаев;
- Бакытбек Шерипбеков;
- Ниязалы Ташиев;
Курама команда машыктыруучу Жаныбек Айталиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.