Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкесине катышты. Бул боюнча өлкө башчынын администрациясынан билдиришти.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналып уюштурулган.
Көргөзмөгө тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жай жана автомобиль өнөр жайы сыяктуу тармактарда иштеген 100дөн ашык ата мекендик компаниялардын товарлары коюлган.
Мамлекет башчысы көргөзмөдөгү продукциялар менен таанышып, ири эл аралык рыноктордо “Кыргызстанда жасалган” деген брендди илгерилетүүнүн жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Президент экономиканы чыңдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү максатында ата мекендик өндүрүүчүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүү улантыларын баса белгиледи.