Ырчы Ырыскелди Осмонкуловго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды. Сыйлыкты бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров тапшырды.
Белгилей кетсек, “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясынын жаңы имаратында элге эмгеги сиңген атуулдарга мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар тапшырылып жатат.
Ырыскелди Осмонкулов 1992-жылы “Инсан” тобунда ырдап, “Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай” деген ыр менен эл алдына чыккан. Ал эми 1996-жылы “Ай баратат” ыры менен жеке чыгармачылыкка киришкен. 2003-жылы “Эмгек сиңирген артист” наамына татыган.