Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан гала-коцертте дрондордун шоу программасы көрсөтүлдү.
Анда айкөл Манастын, Кыргыз өлкөсүнүн туусунун, комуздун, боз үйдүн, Париж олимпиадасынын катышуучуларынын сүрөттөрү көрсөтүлүп, топтолгон элдин купулуна толду.
Белгилей кетсек, аянтта кыргыз эстрада жылдыздары, чет өлкөлүк ырчылар концерттик программа тартуулап жатышат.