"Ала-Тоо" аянтынан 36 тонна таштанды чыгарылды (видео)

Бишкектин "Тазалык" муниципалдык ишканасы Эгемендүүлүк майрамынан кийин “Ала-Тоо” аянтынан 36 тонна таштанды чыгарылганын маалымдады.

Анда 100гө жакын кызматкер кызмат өтүп, 6 таштанды чыгаруучу техника, 3 электромобиль, 5 суу чачуучу жана тазалоочу техника, 3 жол шыпыруучу техника тартылган.

Кызматкерлер 1-сентябрда саат 02:00-06:00 аралыгында аянттын айланасындагы таштандыларды толук чыгарышкан.

Бүгүнкү күндө муниципалдык ишкана штаттык режимде иш алып барууда.

01.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан