Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Бишкек шаарын аралап өткөн темир жолдорду калаанын сыртына чыгаруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анда транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралып жаткан. Эл өкүлү ага бир катар сунуштарды берди.
"Бишкектеги темир жолдорду алып чыгыш керек. Тезирээк долбоорун түзгүлө! Асман же башка нерсе кургандын ордуна темир жолду чыгарып койсоңор чоң иш жасаган болосуңар. Илгери темир жол курулган жерлер шаардын чети болчу. Азыр шаардын ортосунда болуп калды. Көп унаа жолдор темир жолго келип такалып калууда", - деди Масалиев.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 11-июлда Транспорт министрлигин жетектеген Тилек Текебаевди Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындап, анын ордуна аталган облустун башчысы Абсаттар Сыргабаевди министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.
Эми анын талапкерлигине депутаттар макулдук бериши керек. Бүгүн тармактык комитет президенттин сунуштамасын жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.