Мирлан Самыйкожо Миң-Кушта уран калдыгын ташыган дагы бир унаа сууга кулаганын айтып чыкты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир оор жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Медер Машиевди бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

“Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган КамАЗ кечээ дагы жүгү менен сууга кулаптыр, шопуру да аман-соо эмес деп жатышат. Айылдын ичиндеги сууга кулаптыр. Бул экинчи жолу болуп жатат. Ошол жеринде иштеген жетекчилер буга аябай шалаакылык менен мамиле кылышууда. Бул маселе боюнча өлкө башчы өзү барып кепилдик берген. “Ушул жерден баары так, таза ташылат. Эч кимге зыяны тийбейт” деп айткан. Азыр айылдын жашоочулары кооптонуп жатышат”, - деди Самыйкожо.

Медер Машиев кырсык тууралуу кабары жок экенин, тактап туруп маалымат берерин айтты.

Эске салсак, быйыл 3-июнь күнү социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар тарабынан кырсык болгон жерде тартылган сүрөт, видеолор тарай баштаган. Бир катар жергиликтүү басылмалар Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа көпүрөдөн сайга кулап түшкөнүн жазып чыгышкан.

10-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги окуя 1-июнь күнү болгонун, кырсыкты иликтөөчү комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Туюк-Суу калдык сактоочу жайындагы рекультивация иштерин жүргүзүп жаткан "Росатомго" таандык унаа кулаганын ырастап, унаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

11-июнда парламентте жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаада уран калдыктары болгонун ырастаган.

13-июнда өкмөт башчы Акылбек Жапаров уран калдыктары жабык түрдө ташылып келе жатканын белгилеп, коомчулукта маалымат туура эмес тараганын айткан.

Жогорку Кеңеш 03.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан