"Ыйман нуру" фракциясы Нуржигит Кадырбековдун ордуна жаңы лидерди шайлады

"Ыйман нуру" фракциясынын жаңы лидери болуп Динара Ашимова шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында аталган фракциянын депутаты Султанбай Айжигитов билдирди.

"Биздин лидеребиз Нуржигит Кадырбекович өз каалоосу менен арыз жазып кетти. Буга байланыштуу биз жаңы лидер шайладык. Ал Динара Ашимова", - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги “Ыйман нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков 30-августта депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арыз жазган.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы ошол эле күнү Кадырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан