Акыйкатчы Нарында күйөөсү бычактап салган келин боюнча билдирүү жасады

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарында күйөөсү тарабынан бычакталган келиндин окуясын жеке көзөмөлүнө алды.
“Мени абдан өкүндүргөнү – кыз-келиндерибизге карата зордук-зомбулук күчөп жатканы. Бул окуяны мен абдан тынчсыздануу менен кабыл алып, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууга чакырат элем. Мындай жүрөк үшүн алган окуялар кайталанбашы керек. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек”, - деди Жаманбаева

Акыйкатчы берген маалыматка караганда, жабырлануучуга жолдошу окуяга чейин да зомбулук көрсөтүп келген. Мындай жагдайдан улам ал үч баласы менен үйдөн чыгып кеткенин айткан.
“Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушума келип бычактап кетти. Үйүмдүн дарегин билгенде ээн-эркин мени өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем”, - деп билдирген бычакталган келин.
Учурда Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жана юридикалык жардамын көрсөтүп жатканы маалым болду.
Белгилей кетсек, Нарындагы "Он-Арча" базарынын ичиндеги ашканада 42 жаштагы жаран ашпозчу болуп эмгектенген 41 жаштагы келинчегин ашканада өзү көтөрүп жүргөн бычагы менен сайып жибергендиги аныкталган.

Жабырлануучу облустук ооруканага жаткырылып, шектүү кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-09-04 12:25:00
Аялдарга карата кордук, зомбулук диндин атынан да көп жасалып жатат. Молдолордун, диний аалымдардын бироонүн кыздарын басынткан, кемсинткен чакырыктарга тыйуу салыш керек. Кыздар жөнүндө тескери пикир уюштуруп жаткан жарма патриот, молдолорду тыйыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан