Бүгүн, 4-сентябрда ырчы Сагын Эргешов туулган күнүн тосуп жатат. Ал бул жылы 28 жашка толду. Биз ырчы мырзага бүгүнкү туулган күндүк маанайын сурап байланышка чыктык.
"Туулган күндүк маанай эң сонун. Туулган күнүмдө эң алгач апама байланышка чыктым. Андан кийин досторум түнкү саат 12де куттуктап келишти. Менин бардык туулган күнүм жакшы маанайда өтөт. Өзгөчөсү 25 жашымды тосконум болду окшойт.
Негизи бүгүн туулган күнүмө карата өзүмдүн үн жаздыруучу "Эргешов продакшн" аттуу студиямды ачып жатам", - деп билдирди ал.
Сагын Эргешов 1996-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында төрөлгөн. Аталган айылда мектепти аяктап, Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин бакалавр жана магистратура бөлүмүн бүтүргөн. Андан соң 2014-жылдан тарта теле жана радио алып баруучу болуп эмгектенген. Ырчылык жолун 2020-жылы баштаган.
Учурда Эргешов "Сүйөм сени", "Жүрөгүм ыйлады", "Мен бир пендемин", "Классташтарым" жана башка бир катар ырлардын аткаруучусу.