Парламент БШКнын мүчөсү Марс Наспековдун ыйгарым укуктарын токтотту

Бүгүн, 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Марс Наспековду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу маселеси каралып, депутаттар колдоду.

Президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Наспеков Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен кетип жатканын белгиледи.

Эске салсак, кечээ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карап, жактырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан