Бүгүн, 3-сентябрда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевдин талапкерлиги Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде каралып, колдоо тапты.
Машиевдин талапкерлигин кечээ Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети да жактырган.
Ал эми Абсаттар Сыргабаевдин транспорт жана коммуникациялар министри кызматына талапкерлигин парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети жактырды. Эми алардын талапкерлигин Жогорку Кеңеш эртең жалпы жыйында карайт.
Комитет ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Марс Наспековду өз каалоосу менен кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карап, жактырды.
Медер Машиев
Эске салсак, 26-июнда президент Садыр Жапаров жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевди кызматынан бошоткон. Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалган.
Убактылуу министрлик кызматка келген Азис Сапаралиев 2-сентябрда кызматтан алынды. Анын милдети ошол эле күнү Машиевге жүктөлдү.
54 жаштагы Медер Машиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында туулган. Быйыл март айында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болгон.
Абсаттар Сыргабаев
Мамлекет башчысы 11-июлда Транспорт министрлигин жетектеген Тилек Текебаевди Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындап, анын ордуна аталган облустун башчысы Сыргабаевди министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.
48 жаштагы Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Барпы айылында туулган. Жалал-Абад облусунун башчысы кызматына 2020-жылы 19-октябрда келген. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ошол кезде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынын тизмесинде бешинчи катарда талапкер болгон. Сыргабаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары да белгилүү.