Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап кеткен кыргызстандык кыздын абалы туруктуу оор экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 3-сентябрда болжол менен саат 02.00дө болгон. Бир нече жаракат алган кыз ооруканага жеткирилген.
"Окуяга тиешеси бар деген шек менен 23 жаштагы эки Кыргыз жараны кармалган. Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү иштер жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик жабыркаган жаран 22 жашта экенин, учурда анын абалы туруктуу оор деп бааланып жатканын белгиледи. Ошондой эле бул факты өлкөнүн Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Буга чейин орус басылмалары шаардагы көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен кулаган кызды унаага салууга аракет кылган кыргызстандыктар кармалганын жазып чыгышкан.