Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 6-кабаттын терезесинен кулаган кызды унаага салууга аракет кылган үч мигрант кармалды. Бул тууралуу Орусиянын бир катар жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя 2-сентябрга караган түнү болгон. Анда полицияга шаардагы Заставская көчөсүндөгү имараттын 6-кабатынан кыз кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери Лада унаасына кызды салууга аракет кылып жаткан жигиттерди кармаган. Полиция унаада 21 жаштагы кыргызстандык кыз жана 22 жаштагы 2 жигит бар экенин аныктаган. Шектүүлөр дагы Кыргызстандын жарандары болушкан.
Маалым болгондой, кыз оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал башынан, көкүрөгүнөн, курсагынан, буту-колунан жаракат алып, оор абалда ооруканада жатат.
Кармалган жигиттер кызга жардам бермекпи, же кылмыш ишин жашырганы жатканбы, азырынча белгисиз. Учурда алар полиция бөлүмүндө экени айтылды.