Бүгүн, 5-сентябрда ырчы Максат Садырбеков туулган күн тосуп жаткан кези. Ал бул жылы 32 жашка толду. Ырчы мырза өзүнүн Инстаграм баракчасында туулган күнү менен куттуктагандарга жана белек берген жакындарына ыраазычылык билдирип өттү.
"Куттуктоолорду окуп жатам, баарыңыздарга чоң рахмат. Бүгүн түндө үй-бүлөм менен туулган күндү тосуп алдык. Биринчи кезекте ушундай үй-бүлө бергени үчүн, негизи эле баары үчүн Кудайга ыраазычылык билдирем. Белектер үчүн дагы баарыңыздарга чоң рахмат", - деп билдирди ал.
Ошондой эле ырчынын жубайы блогер Айсулуу Молдалиева Инстаграм баракчасында жолдошунун туулган күнү менен куттуктап пост жазды.
"15 жылдан бери кол кармашып келе жатабыз жана үчүнчү наристебизди күтүүдөбүз. Мындан жакшысы болмок беле. Мен сенин ачыктыгыңды, адилеттүүлүгүңдү, боорукерлигиңди, үй-бүлөгө болгон сүйүүңдү, шайыр мүнөзүңдү жана, албетте, теңдешсиз мүнөзүңдү жакшы көрөм. Менин сага сүйүүм чексиз", - деп жазган ал.
Максат Садырбеков 1992-жылы 5-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган. 2009-жылы "Non stop" музыкалык тобуна мүчө болуп, анда "Бийиктик", "Сени менен гана", "Кол көтөр, эл" жана башка бир катар хиттерди аткарган. Аталган топ 2018-жылы өз ишин токтоткон.
Максат үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү, өзүнөн улуу 2 эжеси бар. Учурда жубайы экөө эки баланы тарбиялап келишет.