Украинада жаңы тышкы иштер министри дайындалды

Украинанын Жогорку Радасы министрдин биринчи орун басары Андрей Сибиганы тышкы иштер министри кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Сибиганын дайындалышы тууралуу "Голос" партиясынын депутаты Ярослав Железняк өзүнүн Telegram каналында жазды. Ал белгилегендей, бул чечимге 258 эл өкүлү добуш берген.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин сайтында белгиленгендей, 2016-2021-жылдары Сибига Украинанын Түркиядагы элчиси болгон. 2021-2024-жылдары - Украинанын президентинин аппарат жетекчисинин орун басары, 2024-жылдан тартып - Украинанын тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматтарын аркалаган.

Кечээ, 4-сентябрда Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Кулеба 2020-жылдын мартынан бери Украинанын тышкы иштер министри болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан