Бишкектен Ошко барган 6 даана троллейбусту калаа мэри Бакытбек Жетигенов көрүп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, жалпысынан Ош шаарына 100 даана троллейбус барат. Кийинки жумада дагы 10 троллейбустун баруусу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул троллейбустарды шаардын батыш бөлүгүндөгү кичи райондорго каттатуу болжолдонууда. Аталган багыт троллейбустардын жаңы үчүнчү каттамы болуп калат.