Мюнхенде Израил консулдугунун жанында атышуу болду

Бүгүн, 5-сентябрда Мюнхенде атышуу болгон. Полиция Израилдин башкы консулдугунун жана Улуттук социализмдин документация борборунун музейинин жанында ок чыгарган делген адамды атып өлтүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Полициянын өкүлү шектүү киши Израилдин консулдугунун жанында курал көтөрүп жүргөнүн, тартип коргоочулар жабыркабаганын билдирди.

Маалымдалгандай,окуя болгон жер курчоого алынып, шектүүнүн машинеси текшерилген.

Германиянын Ички иштер министрлиги кырдаалды олуттуу деп баалап, коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Израилдик дипломаттар 5-сентябрь Мюнхен Олимпиадасындагы терактты эскерүү күнү болгондуктан Башкы консулдук ошол учурда жабык болгонунун айтышкан. Мындан туура 52 жыл мурун палестиналык террористтер израилдик спортчуларды барымтага алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан