Экс макамын алыш дагы, экс макамын бериш дагы Жогорку Кеңешке таандык. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде сөз кылды.
Анын айтымында, ар бир жаран өзүнүн укугун коргош үчүн же болбосо кандайдыр бир мыйзамдуу талаптарын калыбына келтириш үчүн мамлекеттик бийлик бутактарына кайрылууга толук укуктуу.
"Экс" макамын берүү Жогорку Кеңештин иши жана мыйзамдуу укугу. Мен көз карашымды айта албаймын. Жогорку Кеңеш өзү билсин. Биз бирөө жарымды бер же бербе деп айтпайбыз. Мыйзамдуу жагын карап көрүшсүн. Мыйзамдарды көзөмөлдөш Жогорку Кеңештин милдети", - деп жооп берди өлкө башчы.
Мындан тышкары ал журналисттин "Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтарып берсе, анда Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев да бизге да экс-президент макамын кайтаргыла десе кандай болуп калат?" деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп кайтарды.
"Эми менин пикирим боюнча Бакиев менен Атамбаев экөөнүн жагдайы Акаевдикинен айырмаланып турат. Акаев качканда адам өлүмү менен коштолгон эмес, кылмыш иши козголгон эмес, издөө жарыяланган эмес.
Ал эми Бакиев менен Атамбаевдин иштеринде адамдардын өлүмү менен коштолгон жагдайлар болуп кетти. Ошондуктан аларга парламент экс макамын берсе туура эмес болуп калат го деп ойлойм", - деди Жапаров.
Буга чейин Аскар Акаев "экс-президент" макамын кайтаруу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылгандыгы маалым болгон. Ал коомчулукта кызуу талкуу жаратты.