Алматыда "Аска – 2024" машыгуусунда Кыргызстандын куткаруучулары 3-орунду ээлешти

ЖККУнун "Аска – 2024" машыгуусунда Кыргызстандын куткаруучулары 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришити.

Ага ылайык, машыгуу Алматы шаарында өтүп, ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын куткаруучуларынан турган командалар катышкан.

"Алар жабырлануучуну тоо боорунан жана уранды алдынан ыкчам алып чыгуу аракетин көрсөтүп, күч сынашкан.

Жыйынтыгында 1-орунду Казакстан, 2-орунду Беларусь, 3-орунду Кыргызстан, 4-орунду Орусия, 5-орунду Тажикстан өлкөлөрү алган", - деп айтылат маалыматта.

Алматы шаарында ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңеши да өтүп, ага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев катышкан.

Белгилей кетсек, жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин ЖККУга мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин кийинки жыйынына төрагалык кылуу талапкерлиги колдоого алынып, 2025-жылы кезектеги XVI жыйын Кыргызстанда өтө турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан